Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Премьер Жээнбеков Токмоктун мэринин ишин сындады


Токмок шаары
Токмок шаары

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков социалдык объекттер жылуулуксуз калганы үчүн Токмок шаарынын мэринин ишин сынга алды.

Мындай эскертүүнү Жээнбеков 25-ноябрда Токмоктогу социалдык объекттердин абалы менен таанышуу учурунда жасады. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, премьер-министр Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиевди сынга алып, кетирген кемчиликтерди тез арада оңдоо тапшырмасын берди.

17-ноябрдан бери Токмокто газга болгон карыздын айынан бир катар мектептер, ымыркайлар үйү, бала бакча, оорукана жана 600 үй-бүлө жашаган аскердик шаарча жылуулуксуз калган. Себеби «Токмок Жылуулук» ишканасынын «Газпром Кыргызстан» компаниясына карызы 42 миллион сомдон ашып кеткен. Жергиликтүү бийлик бул жайларга жылуулук бергенин айтканы менен иш жүзүндө абал өзгөрүүсүз калып жатканы белгилүү болгон эле.

Жогорку Кеңеште бул абалга байланыштуу өкмөттүн иши сынга кабылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG