Куба ыңкылабынын лидери, өлкөнү жарым кылым башкарган Фидел Кастро дүйнө салды. Ыңкылап лидери 90 жашта болчу.
“Куба революциясынын жол башчысы каза болду” деп улуттук телеканал аркылуу өлкөнүн президенти, Кастронун иниси Раул Кастро жарыялады.
Фидель Кастро Кубада социалисттик ыңкылапты ишке ашыруу кыймылынын жетекчилеринин бири болгон. Ал ыңкылап ишке ашкан соң өлкөнү 50 жылга жакын башкарган.
2006-жылдын июль айында ден соолугу начарлап калганда бийликти бир тууган иниси Раул Кастрого өткөрүп берген. Ал бийликтен кеткени менен Кубанын башкы саясий багыттары өзгөргөн эмес.