Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча кылмыш иши козголду


Алексей Елисеев
Алексей Елисеев

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын өнөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 7-июнунда Елисеев Юстиция министрлигине лицензиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган. Эрежеге ылайык, министрлик Елисеевдин кылмыш ишин жана соттолгонун тактоону ИИМдин маалыматтык борборуна жиберген.

Бирок бул органдан жоопту күтпөстөн ошол кездеги Юстиция министрлигинин жетекчилиги лицензияны узарткан деп айтылат кылмыш ишинде.

Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголду.

2010-жылы Юстиция министрлигин учурда оппозицияда жүргөн депутат Аида Салянова жетектеп турган.

Козголгон кылмыш иши боюнча Аида Салянова комментарий бере элек.

Алексей Елисеев 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөрүнүн бири болгон. Ал Апрел ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен. Елисеевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан узак мөөнөткө соттолгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG