Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Бишкекте Баш мыйзам долбоору жарыяланган гезит таратылууда


Кыргызстан Конституциясы.
Кыргызстан Конституциясы.

Бишкекте мектеп окуучуларына Баш мыйзамдын өзгөртүүлөр киргизилген долбоору жарыяланган өкмөттүк “Эркин тоо” гезити таратылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардагы мектеп окуучуларынын биринин ата-энеси кабарлады. Анын айтуусунда, мектепте мугалимдер гезитти окуучуларга ата-энелери үчүн тараткан.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрга белгиленген. Бул маслеленин айланасында учурда талкуулар жүрүп жатат.

Бийлик бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, өкмөттүн жана коомдун туруктуулугу үчүн шарттар камсыз болот десе, оппозиция муну азыркы президенттин кызматтан кеткенден кийин дагы таасирин кармап калуу амалы катары сыпаттап келүүдө. Буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон жана ага каршы үгүт топтору түзүлүп, иштеп атат.(BkA)

XS
SM
MD
LG