Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Бюджет кирешеси пландагыдай аткарылган жок


2016-жылдын январь-октябрында өлкө бюджетине түшкөн каражат пландагыдан аз болгонун Финансы министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын он айында 98 миллиард 586 миллион сом чогултуу каралса, 96 миллиард 797,9 миллион сом гана киреше түшкөн. Мунун ичинен республикалык бюджетке түшкөн киреше 79 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард 239 миллион сомго азайган.

Мунун ичинен салыктардан 41 млрд 406,7 миллион сом, бажы төлөмдөрүнөн 23 млрд 879,9 миллион сом түшкөн. Республикалык бюджеттин негизги бөлүгүн түзгөн эки орган тең коюлган планга жеткен эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG