Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Украинада Голодомор курмандыктары эскерилди


1932-1933-жылдары Украинанын аймагындагы ачарчылыктан төрт миллиондон ашык адам каза болгон.
1932-1933-жылдары Украинанын аймагындагы ачарчылыктан төрт миллиондон ашык адам каза болгон.

Украинада миллиондогон адамдар каза болгон Голодомордун курмандыктары эскерилди. 1932-1933-жылдары Украинанын аймагындагы ачарчылыктан төрт миллиондон ашык адам каза болгон. Өлкөдө ноябрь айынын төртүнчү жекшембиси жапырт ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет. Бул күнгө карата Киевдеги Голодомордун курмандыктарына арналган улуттук мемориалда жүздөгөн кишилердин катышуусу менен эскерүү өттү. Ошондой эле мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулду.

“Бизди жок кылууга аракет кылышты, бирок сындыра алышкан жок. Биз ачарчылыктан азап жеген миллиондогон украиналыктардын алдындагы ыйык милдетибизди аткарып, бирдиктүү, эгемен Украинаны сактап калышыбыз керек” деп жазды президент Петро Порошенко Твиттердеги баракчасына.

Совет бийлигинин көрсөтмөсү менен Украинанын аймагындагы эгин түшүмү борборго жөнөтүлүп, жергиликтүү эл ачарчылыктан запкы көргөн. Бул ачарчылык Казакстан, Түндүк Кавказ жана Орусиянын айрым жерлеринде да болгон, бирок негизги кыйынчылык украиналыктардын башына түшкөн.

2006-жылы Украинанын Жогорку Радасы Голодоморду украин улутун тукум курут кылуу аракети катары баалаган.

XS
SM
MD
LG