Кыргызстанга жакын жайгашкан Кытайдын аймагында бүгүн түшкө жуук жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетсе, Алай районун Нура кыштагында 3 балл болуп сезилген. Кыйроолор болбоду жана адам өмүрүнө зыян келген жок.
Акыркы эки күндөн бери бул аймакта бир нече жолу жер силкинди.(BkA)