Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Баткенде дин адистери студенттерге насаат айтууда


Баткенде диний аалымдар жана адистер студенттер менен жолугушууларды уюштуруп, жаштарга туура эмес агымдарга кирип кетпөөнү үйрөтүп жатышат.

Муфтияттан кабарлашкандай, студенттерге Ислам дининин тарыхы, анын максаты тууралуу лекциялар окулуп, дүйнөдө күчөп бараткан терроризм жана экстремизм апааты динди жамынган агымдардын жоругу экени түшүндүрүлүүдө. Андан тышкары, Ислам дини илим алууга чек койбостугу, түрдүү багыттарда окуп, адис болууну шарият колдой турганы айтылууда.

Студенттер менен суроо-жооп иретиндеги талкуу узаган аптада №57 кесиптик лицейде башталды. Алдыдагы күндөрү бардык окуу жайларда улантылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жана Ирактагы террордук топтордун курамына кошулган кыргызстандыктардын саны 600дөн ашып, бир тобу ошол жакта набыт кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG