Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыргыз-тажик чек арачылары асманга ок атышты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бүгүн Баткен облусундагы Самаркандек айылындагы тактала элек тилкеге тажик чек арачылары кирип келип, асманга ок чыгарды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева кабарлагандай, тажик чек арачыларда тактала элек тилкеге кирүүгө, асманга ок атууга эч кандай негиз жок болгон.

- Окуя бүгүн эртең мененки саат 8:25те катталды. Тажик чек арачыларынын ок чыгаруусуна кыргыз чек арачылары дагы асманга эскертүү катары ок чыгарып жооп берген. Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрү жолугуп, кыргыз тарап тажик чек арачыларын чагымга жол бербөөгө чакырды.

Бөрүбаева кошумчалагандай, тараптар бүгүнкү көрүнүштү иликтөөгө токтолушуп, чек арачылар болжолдуу чек арадан 100 метр алыстыкта болушу керектигин белгилешти.

Чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG