Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Ошто террорчулукка шектүү жаран сурак берүүдө


Сулайман тоо, Ош шаары.
Сулайман тоо, Ош шаары.

Ошто милиция террорчулукка шектелген 32 жаштагы жаранды суракка алууда. Шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган шаар тургунуна кылмыш иши козголду.

Анын үйүнөн Кыргызстанда тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Жаннат ошиклари” жана “Ал-Бухари катибаси” диний уюмдарына таандык видеоматериалдар табылган. Андан тышкары араб тилинде жазуулары бар баракчалар, флешка жана дисктер чыккан.

Калаа милициясынын басма сөз кызматы табылган каражаттар экстремисттик мүнөздө экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG