Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Кадыров: Немцовдун өлүмү боюнча сурак берүүгө даярмын


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Чечен лидери Рамзан Кадыров орус оппозиционери Борис Немцовдун өлүмү боюнча сурак берүүгө даярдыгын билдирди. Ал ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде Немцовду Орусиянын душманы деп атап, сот чакырса Москвага барып сурак берерин айтты.

Кадыров киши колдуу болгон Немцов менен достук же кастык мамиледе болбогонун, оппозиционерди өлтүргөндөр Чеченстанга шек келтирип, Кадыровдон да, Немцовдон да кутулууну көздөшкөнүн белгиледи.

Немцовду 2015-жылдын февраль айында Кремлдин жанында атып кетишкен. Бул боюнча Чеченстандан чыккан бир нече адам камакка алынган.

XS
SM
MD
LG