Бозгундагы мурдагы украин президенти Виктор Янукович Киевдеги соттук териштирүүдө видео байланыш аркылуу көрсөтмө берип, дээрлик үч жыл мурдагы “Евромайдан” окуяларында демонстранттарды атууга буйрук бербегенин билдирди. Бул соттук процессте 2014-жылы демонстранттарга ок чыгарды деп айыпталган беш полиция кызматкеринин иши каралып жатат.
2013-жылдын соңунда башталган “Евромайдан” демонстрациялары маалында жүздөн ашык адам окко учкан. Бул окуялардан кийин Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон. Ал “Евромайдан” окуяларынан бери биринчи жолу сотто көрсөтмө берди.