Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Огайо университетинде куралчан адам ок чыгарды


Огайодогу университет кампусу
Огайодогу университет кампусу

АКШдагы маалымат каражаттары кабарлагандай, Огайо штатындагы мамлекеттик университеттин кампусунда ок чыгарган куралчан атып өлтүрүлдү. Анын огунан кеминде жети адам жаракат алганы кабарланууда.

Огайо мамлекеттик университети Твиттердеги баракчасы аркылуу кампуста куралчан киши жүргөнүн билдирип, студенттерди коопсуз жайга качууга чакырды.

Жаракат алгандардын биринин абалы оор болгону маалымдалды. АКШдагы ири университеттердин бири деп саналган бул окуу жайдын негизги кампусунда 60 миңдей студент билим алат.

XS
SM
MD
LG