Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Януковичке чыккынчылыкка шектүү деп айып коюлду


Виктор Янукович.
Виктор Янукович.

Украина баш прокурору Юрий Луценко өлкөнүн мурунку президенти Виктор Януковичке мамлекетке чыккынчылык кылууга жана өлкөнүн бүтүндүгүнө бүлүк салууга шектүү катары айып койду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын жетекчиси 28-ноябрда билдирди.

Бозгундагы мурдагы мамлекет башчы Виктор Янукович Киевдеги соттук териштирүүдө видео байланыш аркылуу көрсөтмө берип, үч жыл мурдагы “Евромайдан” окуяларында демонстранттарды атууга буйрук бербегенин билдирди. Бул соттук жараянда 2014-жылы митингге чыккандарга ок аткан деп айыпталган беш полиция кызматкеринин иши каралып жатат.

2013-жылдын соңунда башталган “Евромайдан” демонстрациялары маалында жүздөн ашык адам окко учкан. Элдик толкундоолордон улам Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон. Ал “Евромайдан” окуяларынан бери биринчи жолу сотто көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG