Президент Алмазбек Атамбаев “Курманжан Датка” ордени жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул орден менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргызстан элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы үчүн жарандар сыйланат. Ошондой эле “Курманжан Датка” ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар сыйланышы мүмкүн.
Кол коюлган жарлыкка ылайык өкмөт уюштуруу-финансылык маселелерди чечмекчи. “Курманжан Датка” ордени көкүрөктүн сол жагына “Манас” орденинен кийин тагылат. (SDz)