Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Дордой” базарына жанаша жайгашкан “Алканов” базарында бастырма кулап түшкөнүн билдирди. Базардын чатыры соода кылуучу катарда кулагандактан, жабыр тарткандар да бар.
Алдын ала маалыматтар боюнча, базардагы бастырма карды көтөрө албай кулаган.
27-ноябрда “Дордой” базарын улай жайгашкан “Кербен” базарында дагы бастырма кулап, соода кылуучу жайга ураган. (SDz)