Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Кара-Көл: турак-жайдагы өрттөн эки адам набыт болду

Иллюстрация
Иллюстрация

Шаардын Төрөкулов көчөсүнүн №35 үйүнөн кечээ 28-ноябрь кечинде өрт чыгып, натыйжада үй ээлери 77 жаштагы Нурлан Латипов жана байбичеси 61 жаштагы Шекеркан Маркуновалар түтүнгө ууланып каза болгон. Учурда милиция кызматкерлери алардын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп жатышат.

Шифер жабылган турак-үй жана тиричилик буюмдарынын баары өрттөнгөн.

Кара-Көл шаардык өрт өчүрүү кызматы учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтеп, алдын ала себептер кырсык үй жылытуучу электр мешинен болушу ыктымалдыгын айтылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG