Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Актөбө шаар соту террорчулукка айыпталгандарга өкүм чыгарды


Сот залында.
Сот залында.

5-июндагы Актөбө шаарындагы куралдуу кол салуу жана терроризм боюнча айыпталган 29 кишиге өкүм 28-ноябрда чыкты. Сот алардын ичинен жети кишини террорчулук, киши өлтүрүү, террордук уюмду уюштуруу жана ага мүчө болуу боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Эки киши 22 жана 25 жылга кесилди. Он сегиз киши уюштурулуп жаткан террордук акт боюнча маалымат берген эмес деп, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылды. Дагы эки жаран кылмышкерлерди жаап-жашырган деп, төрт жылдан абакка салынды.

Диний ураан чакырган топ июнь айында Актөбө шаарында кол салууларды уюштуруп, андан беш жаран, коопсуздук күчтөрүнүн үч кызматкери каза тапкан. Президент Нурсултан Назарбаев кол салгандарды исламды бурмалаган экстремисттер деп атаган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG