Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Бразилиянын футбол командасы түшкөн учак кыйроого учурады


Бразилиянын Сан-Паулу шаарынан чартердик каттам менен учуп чыккан учакта 81 киши болгон. Ал Колумбиянын Меделин шаарына жакын жерде 28-ноябрда кулап түшкөн. Колумбиянын расмий адамдары Франс пресске кырсыктан алты киши аман калганын маалымдаган. Учакта Бразилиянын "Шапекоэнсе" футбол командасынын оюнчулары болгон. Алар Колумбиянын “Атлетико Насьонал” командасы менен Түштүк Американын кубогу үчүн ойноого баратышкан. Учактын кыйроосуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок ал райондо ошол мезгилде аба ырайы бузулуп, катуу жаан жаап, чагылган түшүп жаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG