Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Орус президенти Алеппого мобилдүү госпитал жөнөтүүнү буйруду


Алеппо.
Алеппо.

Президент Владимир Путин мобилдүү госпиталды мүмкүн болушунча тезиреек Алеппого жеткирүүнү Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине тапшырды. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун 29-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Владимир Путин Алеппо жана анын айланасындагы тургундарды мединциналык жардам менен камсыздоону аскерлерге буйруду.

Орусия Алеппо шаарын кайра алууга Башар Асаддын аскерлерине жардам көрсөтүүдө. Алеппо үчүн урушта өкмөттүк күчтөр жана Орусия медициналык объекттерге сокку урду деп айыпталган. Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча координатору Стивен О. Брайен Алепподо медициналык жардам жоктугун, азык-түлүк жетишсиздигин жана өтө кыйын абал түзүлгөнүн шейшембиде билдирген эле.

Франция түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Коопсуздук Кеңештин чукул жыйынын чакырууну сунуштады. (AiT)

XS
SM
MD
LG