Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Голландияда бетти чүмкөөгө тыюу салган мыйзам жактырылды


Голландия парламентинин төмөнкү палатасы бети-башын чүмкөп оронууну тыйган мыйзам долбоорун жактырды. Мындай кийимдердин катарына мусулман аялдардын никаб жана хижабдары да кирет. Эми мыйзамды жогорку палата карап, добуш бериши керек.

Маалыматка караганда, кабыл алынчу эрежеге ылайык, жабык кийимдерди коомдук унааларда, окуу жайларда, саламаттыктык сактоо мекемелеринде жана мамлекеттик органдарда кийгенге болбойт. Башка жерде уруксат.

Изилдөөлөргө ылайык, аталган өлкөдө бетин жаап жүргөн жүздөгөн аялдар бар.

XS
SM
MD
LG