Орусиялык журналист Екатерина Сажнева 29-ноябрда Өзбекстандан депортацияланды. Москвадагы Адам укуктары үчүн Орусия адвокаттар бирикмеси билдиргендей, журналист Өзбекстанга жеке сапар менен барган. Бирок кесибине байланыштуу айрым жарандар менен, анын ичинде оппозициядагылар менен маектешкен. Мындан улам, колго түшүп, беш сааттан соң өлкөдөн чыгарылган.
Екатерина Сажневанын айтуусунда, тартип сакчылары ага эч кандай эскертүүсүз сим-карта жана фотосүрөттөрүн алып коюшкан.
11-ноябрда Ташкенттен немис журналисти Эдда Шалгер да депортацияланган эле. (SE)