Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

ПРООН: Эркектердин арасында жакырлар көп


Бул Кыргызстандагы адам өнүгүүсү менен сооданын байланышына арналып жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында белгилүү болду. Ошондой эле иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көп. Орто жана жогорку билимге ээ аялдар 30,6% түзөт. Ал эми орто жана жогорку билимдүү эркектер 22,3%.

Аялдар жакырчылыкты жоюу үчүн кошумча киреше издейт, ошол эле учурда үйдөгү түйшүк да азайбайт, деп айтылат иликтөөдө. Анда белгиленгендей, аялдар үй иштерине убактысынын 18,8% бөлөт, ал эми эркектер болгону 6,5% убактысын үй түйшүгүндө өткөрөт. Аялдардын мойнунда үй иштери, балдарды багуу, тарбиялоо жана башка түйшүктөр бар.

Ошондой эле иликтөөдө Кыргызстандагы балдардын жакырчылыгы тууралуу да маалымат берилген. Анда 2014-жылы өлкөдө жакырчылыкта жашаган балдардын 37,9%, ал эми 1,7% өтө жакыр шарттарда жашары айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG