Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Түркия: жатаканада чыккан өрт 12 окуучунун өмүрүн алды


Өрт 29-ноябрда Адана шаарындагы орто мектептеги кыздар жатаканасында чыккан. Андан 11-14 жаштагы окуучулар менен кошо бир мугалим да ажал тапты. 22 окуучу ооруканага жеткирилди.

Адана губернатору Махмут Демирташ өрткө электр системасындагы бузулуу себеп болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, дүрбөлөңгө түшкөн окуучулар терезелерден секиришкен. Окуучулардын көбү өрт коопсуздугу үчүн орнотулган кошумча эшикти ача албай, коопсуз жерге чыга албай жаны менен кош айтышкан. Түркияда жыгачтан курулган эски турак-жайларда электр системасындагы бузулууга байланыштуу көп өрт чыгат. Бирок мынчалык көп курмандыктарга алып келген өрт сейрек болчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG