Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджети 115 млн сомго кыскарды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бул маалыматты парламентте келерки жылдын бюджети каралып жатканда депутат “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Аида Исмаилова айтып чыкты. “Айылдарда балдар үчүн жөлөк пул ала албай жатышат. Балдардын жакырчылыгы 40%, элдин жакырчылыгы 32,1% ашып жаткан учурда, бул кылганыңар туура эмес”,- деди Исмаилова.

Депутаттын сөзүнө каржы министри Адылбек Касымалиев жооп кылып, кыскартуулар корголбогон чыгашалардын эсебинен жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Дагы бир депутат, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Жылдыз Мусабекова өкмөткө түрдүү тарыхый мааракелерди майрамдоого мораторий киргизүүнү сунуштады. Ал 100 жылдык, миң жылдык мааракелер үчүн мал союп, дасторкон жайуудан көрө, илимий конференцияларды өткөрүүнү сунуштады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков келерки жылдын тарыхый мааракелери карала электигин билдирди. Премьер-министр депутаттын сөзүн колдоп, тарыхый мааракелерди өткөрүүдө ал окуя боюнча китеп чыгаруу, илимий конференция өткөрүүгө багыт алынарын айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүн келерки жылдын бюджетин кароодо. 2017-жылга өкмөт сунуштап жаткан мамлекеттик бюджеттин кирешеси 128,6 млрд сом, чыгашасы 150,1 млрд сом. Таңкыстыгы 23,3 млрд сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG