Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Израил учактары Дамаскинин чет жакаларына сокку урду


Cирия.
Cирия.

Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаты 30-ноябрда маалымдады. Анда Израилдин аскерий учагы Ливандын аба мейиндиги тарабынан Дамаск провинциясынын Ас-Сабур районуна эки ракета атканы белгиленген. Жабыркагандар болгон эмес.

Сирия маалыматында ошондой эле соккунун максаты жоочулардын демин көтөрүүгө багытталган деп айтылат. Израил тараптан комментарий боло элек. Тель-Авив адатта Сирия аймагына урулган соккусу Ливандын Хезболла уюмуна арналган курал-жарактарга каршы багытталганын айтып келет. Ас-Сабур районуна сокку Сирия күчтөрү Алеппо шаарында акыркы күндөрү бир катар ийгиликтерге жетишкенден кийин орун алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG