Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Парламент келерки жылдын бюджетин бекитти


“2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-19-жылдарга божомолдору” боюнча мыйзам долбоору 30-ноябрда парламентте экинчи жана үчүнчү окууда каралып жактырылды. Муну менен 2017-жылдын киреше бөлүгү 128,6 млрд сом, чыгашасы 150,4 млрд сом, ал эми таңкыстыгы 23,3 млрд сом деп бекитилди.

2017-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоору парламентке сентябрь айында жиберилген. Андан бери парламенттеги комитеттерде, фракцияларда каралып, акыркы бир нече отурумда Жогорку Кеңештин жалпы кароосунан өттү.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо айлык акы 15,2 миң сом. Ал эми бир айлык жашоо-тиричилик минимуму 5,5 миң сом.

Мамлекеттик карыздын суммасы 271,3 млрд сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG