Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Елисеев адвокаттык лицензиясына байланыштуу пикир айта элек


Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Социалдык тармактарда буга байланыштуу Елисеевдин атынан жооп жазып жаткандар анын өзү эмес. Бул тууралуу Алексей Елисеев “Азаттыкка” билдирди. Ал өзүнүн адвокаттык лицензиясынын 2010-жылы узартылуусуна байланыштуу кылмыш ишинин козголушу боюнча азырынча эч кандай пикир билдирбесин белгилеп, кыргыз өкмөтү менен Улуттар уюмунун адам укуктары комитети аркылуу соттошуп жатканын маалымдады.

Алексей Елисеев 2014-жылы БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысына арыз жолдогон. Анда Елисеев Кыргызстан анын жарандык жана адвокаттык укуктарын бузду деп даттанган. Елисеевдин айтуусунда, кыргыз тарап ушул күнгө чейин БУУнун суроо-талаптарына жооп бербей келет.

Ал Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири болгон.

Елисеев адвокаттык лицензиясынан 2013-жылы узак мөөнөткө сыртынан соттолгон соң ажыраган. (KR/ZKo)

XS
SM
MD
LG