Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ВИЧ жуктургандар бейрасмий түрдө сегиз миңден ашты


Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктургандардын расмий саны ноябрь айына карата 6938 кишини түздү. Алардын 6617си кыргызстандыктар, калганы чет элдиктер. Республикалык СПИД борборунун дарыгери Эркин Тостоков “Азаттыкка” билдиргендей, илдет алып жүргөндөрдүн бейрасмий эсеби 8 миңден ашат:

- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана эл аралык адистердин изилдөөсү боюнча бейрасмий эсепте 8100 адам ушул ооруга чалдыкканы аныкталды. Дартты алып жүргөндөрдүн 65 пайыздан ашууну эркектер. Аялдар 34 пайыздан көбүрөөк.

Оорулуулардын басымдуу бөлүгүн жыныстык катнаш жана маңзат колдонуудан жуктургандар түзөт. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен илдетке чалдыккандардын саны жүздөн көп.

Кыргызстандыктар арасында ВИЧ алгач 1996-жылы катталган. Ага чейин бул дарт 1987-1991-жылдар аралыгында Африкадан келип, Бишкекте окуп жаткан 13 студенттен табылган.

ВИЧ каттоого алынгандан бери өлкөдө бул айыккыс дарттан 1300дөн ашуун адам көз жумган.

1-декабрь – эл аралык СПИДге каршы күрөш күнү катары белгиленет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы программасынын изилдөөсүнө ылайык, соңку 10 жыл ичинде Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар сегиз эсе көбөйгөн.

Мындай дартка кабылгандарды дарылоо милдетин СПИД, кургак учук жана безгек боюнча Глобалдык фонд аркалап келген. Ал колдоону 2018-жылы толугу менен токтотот. (SE)

XS
SM
MD
LG