Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Кастро менен коштошуу зыйнаты 900 чакырымга созулат


Гавана шаарында 30-ноябрда Фидел Кастронун күлү салынган үкөк эскерүү сапарына аттанды. Кубанын мурдагы революционеринин күлү баш калаадан 900 км алыстагы Сантьяго калаасына алып барылат. 4-декабрда “Санта Ифигения” мүрзөсүнө коюлат.

Коштошуу зыйнаты 1959-жылы Кастро өкмөт башына келгенден соң ишке ашырган жүрүшкө окшош болуда. Бир күн мурда лидер менен коштошуу максатында миллиондой адам Гаванадагы “Төңкөрүш” аянтына чогулган.

Өлкөнү 50 жылдай башкарган Фидел Кастро 25-ноябрда, 90 жашында көз жумду.

XS
SM
MD
LG