Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Атамбаев кезексиз парламенттик шайлоого каршы


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшүнө каршы. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда айтты.

Өлкө башчынын белгилешинче, мамлекеттик органдардын ар бири өзүнүн конституциялык мөөнөтүнүн аягына чыгышы керек.

- Эгер биз азыр Жогорку Кеңештин кезексиз шайлоосун өткөрө турган болсок, ошол эле парламент келет. Азыр бир катар мыйзамдарды кабыл алуу маанилүүрөөк. Алардын бири - тизмени өзгөртүүгө жол бербей турган мыйзам. Себеби партиялар шайлоо маалында бир тизмени көрсөтүп, Жогорку Кеңешке такыр башка тизме менен келип калууда. Бул - шайлоочуну алдоо. Парламент өз аброюна өзү да кам көрүшү зарыл. Айрым депутаттар парламентти жаман көрсөтүүдө, - деп кошумчалады Атамбаев.

XS
SM
MD
LG