Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Атамбаев: Камбар-Ата ГЭСтери боюнча Өзбекстан менен теңата иштешибиз керек


"Камбарата - 2" ГЭСини агрегаты.
"Камбарата - 2" ГЭСини агрегаты.

Бул эң жакшы вариант деп айтты мамлекет башчы маалымат жыйынында. Анын сөзү боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорго кирүүгө Казакстан даяр:

-Бул долбоор Өзбекстанга да, Казакстанга да жетиштүү өлчөмдө суу берүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Биз жакшысы – ар кандай шектенүүлөр болбошу үчүн ГЭСти Өзбекстан менен чогуу курушубуз керек.

Президент Кара-Кечеге ТЭЦ куруу да бүгүнкү күндүн иши экенин белгиледи. Анын айтуусунда, 50 жылдан кийин көмүр пайдаланууга уруксат берилбейт, тонналаган көмүрдүн пайдасы жок болуп калат.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Орусия колуна алган. Бирок белгиленген мөөнөттө иш башталбаганына байланыштуу келишимди Кыргызстан тарап бир жактуу бузуп, баш тарткан. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG