Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Атамбаев темир жол Ат-Башы аркылуу өтүшүн жактырат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору жөнүндө да пикирин билдирди. Анын ырасташынча, долбоор Кыргызстандын кызыкчылыгына да иштөөгө тийиш:

-Биз Ат-Башы аркылуу өтсүн деп талап кылганбыз. Ошондо бизде Ат-Башыдан Балыкчыга чейин темир жол болот. Бул долбоор Кытайды да канааттандырат, алар үчүн көп кымбатыраак түшөт, бирок көп деле эмес. Акаев сунуштаган вариантында Кытай менен Өзбекстандын гана кызыкчылыгы каралып калган. Эгерде Кыргызстанда бир нерсе курулушу керек болсо, ал Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө тийиш.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун баштапкы долбоорунда темир жол Кыргызстандын түштүгү аркылуу өтмөк. Эксперттер ошол учурда деле буга каршылыгын билдирип, темир жолду Нарын – Жалал-Абад каттамы менен алып өтүү Кыргызстан үчүн утуштуу болорун айтып чыгышкан.

Президент сот тармагын реформалоого дагы 5-10 жыл керектигин ырастады. Ал эми "Кумтөр" алтын кени боюнча маселеге токтолгон мамлекет башчы эмдиги жылы жылыштар болорун айтты. Анын сөзү боюнча, "Кумтөр" алтын кени боюнча үлүштөрдү 50/50% кылууга аз калды.(UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG