Президент маалымат жыйынында өмүр бою чыгармачылык жана ишкерлик менен чогуу алектенүүнү кыялданып келгенин билдирди. Мамлекет башчынын айтуусунда, бир жылдан кийин ырчылыкты өнүктүрүүгө убакыт табылат:
- Мен 4-5 ыр жаздырдым. Алар коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бирок менин элге жага турган ырларым да бар.
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин китеп окууга да убактысы кенен болорун кошумчалады.(AKu/ZKo)