Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди


Нооруз.
Нооруз.

Мындай чечим 30-ноябрда Эфиопияда өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Ноорузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча арызды Ооганстан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Түркия берген. Бул өлкөлөрдө Нооруз 21-мартта Жаңы жыл катары белгиленет жана Новруз, Нав-враз, Неороз, Наурыз, Нооруз, Наврӯз, Невруз же Наврўз деген аттар менен белгилүү.

Мындан тышкары Комитеттин жыйынында Тажикстан менен Өзбекстандын “аш палоосун” ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча арызы дагы каралат.

XS
SM
MD
LG