Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Атамбаев Молдовага барган себебин айтты


Алмазбек Атамбаев Молдовага бейрасмий сапар менен барганын жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында минтип билдирди:

- Бардыгын силерге эч качан айтпайм. Мамлекеттик сыр деген нерсе бар. Сөз Молдова менен Орусиянын жана Евробиримдиктин алакалары тууралуу болду. Мен Владимир Путин менен дагы, Молдованын аткаминерлери, жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм, -деп түшүндүрдү президент.

2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев Молдовага бейрасмий сапар менен барган. Ал учурда президенттик аппарат аталган сапар жана анын жыйынтыктары тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. (AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG