Буга байланыштуу Орусия Крымдагы абадан коргонуу системасын күжүрмөн даярдыкка алып келгени кабарланды. Украинанын коргоо министрлигинин өкүлү Владимир Крыжановский ракеталык сыноолор эл аралык мыйзамдарга ылайык өткөрүлүп жатканын билдирди. “Баары план менен жүрүп жатат” деп билдирди Крыжановский. Ал “Орусия тараптан эч кандай реакция болбогонун, бирок Украина аскерлери ар кандай кырдаалга даяр ” экенин ырастады.
Ракеталык сыноолорго байланыштуу Кара деңиздин түндүк жагынан учактар учпаш керектигин Киев жума башында эскерткен. Орус маалымат каражаттарынын маалымдоосуна караганда, Украинанын ракеталык сыноолоруна байланыштуу Москва Крымдын батышына аскерий кемелерин жайгаштырды. Алар жарым аралдын абадан коргонуу системасын бекемдейт. Орусия Украинанын Кара деңиздеги ракеталык сыноосун “жаңы чоң чагым” деп атаган.
Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Сентябрь айында Крымда масштабдуу аскердик машыгуу өткөргөн. (AiT)