Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Алеппо шаары “эбегейсиз көрүстөнгө” айланышы ыктымал


Алеппо.
Алеппо.

Мындай эскертүү менен Алепподогу кырдаал боюнча чукул жыйынга чогулган Коопсуздук Кеңешке, Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча координатору Стивен О. Брайн 30-ноябрда кайрылды. Ал өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын айыгышкан кагылышуулары Алеппону дагы бир алааматка алып келет деп, эки тарап уруш мыйзамдарын системалык түрдө бузуп жатканын билдирди. Ал ошондой эле кагылышууларды токтотууга чакырды.

Өткөн жума соңунан бери өкмөттүк күчтөр чабуулга өтүп, Алепподо оппозиция ээлеген аймактын 1/3 көзөмөлүнө алды. Сириядагы абалды талкуулоо үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-декабрда Түркияга келди. Ал Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшүү баштады. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Түркиянын Сириядагы операциясынын максаты “диктатор Башар аль-Асадды кызматтан кетирүү” деген сөзүнөн кийин Москва менен Анкаранын ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болгону кабарланган.(AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG