Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

«Себат» мектептери “Сапат” болуп өзгөртүлөт


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттерге билдирди. Ал балдарга жакшы билим берип жаткан “Себат” мектебин Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган саясий уюмдарга аралаштырууга болбосун айтты:

-Биз “Себат” эмне менен алек болуп жатканын билебиз. Ошентсе да, мен уюмдун уставын кайрадан иштеп чыгууну тапшырдым. Бул деген кадимки эле мектептер, биз алардын билим берүүсүнүн сапатына карап, “Сапат” деп өзгөртөбүз.

Алмазбек Атамбаев бул мектептердеги билим берүүнүн сапатына жана сабактарга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп келгенин белгилеп, мындан ары да мындай көзөмөл уланарын кошумчалады.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемеси Гүлендин кыймылына тиешелүү деп билдирип, кыргыз-түрк лицейлери жабылышы керектигин, Кыргызстанда да төңкөрүш жасоого белсенген күчтөр бар экенин эскерткен болчу. Көп өтпөй Алмазбек Атамбаев “Себат” лицейлери жабылбай турганын, балким билим берүү багытында бир аз өзгөрүүлөр кириши мүмкүн экенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG