Сасык тумоого байланыштуу Бишкектеги 20 мектеп убактылуу жабылды. Мэриядан кабарлашкандай, мектептердин айрымдарында 5-декабрга чейин, кээ бирлеринде 6-декабрга чейин окуу болбойт. Жабылган мектептерде оорудан улам 30 пайыз окуучу сабакка келбей калган.
Баш калаада жалпысынан 95 мектеп бар.
2-декабрда мэриянын алдындагы координациялык комитет мектептердеги карантин маселеси боюнча жыйынга чогулат.
Ооруга чалдыккандардын 67 пайыздан көбү 14 жашка чейинкилер. Ага карабай, адистер бул сасык тумоо сезондук вирус экенин, өтө кооптуу эместигин белгилешүүдө. (SE)