Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Путин өз кайрылуусунда эл бириккенин билдирди


1-декабрда улутка кайрылуусунда президент Владимир Путин Орусия бириккен калкы менен стратегиялык экономикалык жана геосаясий максаттарына жетүүгө жөндөмдүү деди:

- Жарандарыбыз бирикти. Биз аны көрүп турабыз. Бул үчүн жарандарыбызга рахмат айтышыбыз керек. Алар патриоттук баалуулуктар айланасына баарына ыраазы болгону үчүн же баары жайгарылып калды деп бириккен жок. Кыйынчылыктар жана проблемалар азыр бизде жетиштүү. Бирок анын себептерин түшүнүү бар. Эң башкысы биз бирге аны чече аларыбызга ишеним бар. Орусия үчүн иштеп, жүрөктөн, чын ниеттен ага кам көрүү бар, мына ушул нерсе биздин биригүүнүн негизин түзөт.

Владимир Путин экономикалык, социалдык маселелерди чечүүдө, демографияда алдыга жылуулар бар деди. Орус президентинин кайрылуусунун көпчүлүк бөлүгү ички маселелерге арналган менен тышкы күчтөрдүн басымы жөнүндө да сөз болду. Орусия экономикасы мунайга баанын арзандоосу жана Украинага байланыштуу батыш тараптан киргизилген санкциялардан жабыркап келатат. Владимир Путин эл аралык террорчулукка каршы күрөштө Кошмо Штаттар менен кызматташууга Москва даяр деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG