Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:23

Орусия менен Түркия Сирияда ок атууну токтотууну жактады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. 1-декабрь, 2016-жыл
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. 1-декабрь, 2016-жыл

Бирок эки өлкөнүн Сирия жаңжалы боюнча пикир келишпестиги кала берүүдө. Түркияда 1-декабарда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен бирге өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “ок атышуу Сириянын бардык жеринде, анын ичинде Алепподо да токтотулуш керек” деди. Түрк министри ошондой эле Сирия президенти Башар Асад боюнча Анкаранын позициясы өзгөрбөгөнүн билдирген. Анкара Асадды кызматтан кетирүүнү көздөгөн куралдуу оппозицияга колдоо көрсөтүп келе жатат. Ал эми Москва расмий Дамасктын негизги колдоочусу. Сергей Лавров Сирияда кан төгүү токтотулуш керек деп, конфликтке аралашкандар менен диалог уюштурууга Москва даярдыгын жана бул маселеде Түркия менен кызматташуу уланарын билдирди. Ал ошондой эле Орусия Алепподогу аракетин улантарын кошумчалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG