Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкек мэриясы мектептердеги карантин маселесин карайт


Бүгүн Бишкек мэриясынын алдындагы медицина кызматкерлеринин координациялык комитети мектептердеги карантин маселесин караган жыйынга чогулат. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сасык тумоого байланыштуу 29-ноябрдан бери баш калаадагы 20 мектеп убактылуу жабылган. Билим уяларынын айрымдарында 5-декабрга чейин, кээ бирлеринде 6-декабрга чейин окуу болбойт. Жабылган мектептерде оорудан улам 30 пайыз окуучу сабакка келбей калган.

Бишкекте жалпысынан 95 мектеп бар, анда 137 424 бала окуйт.

Ооруга чалдыккандардын 67 пайыздан көбү 14 жашка чейинкилер. Ага карабай, адистер бул сасык тумоо сезондук вирус экенин, өтө кооптуу эместигин белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG