Ташкент шаарындагы Ак сарайда өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун эскерүү-музейи түзүлөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өзбек өкмөтүндөгү бир канча булактарга таянып кабарлады. Мурдарак ушул өңүттөгү билдирүүнү маркум президенттин кызы Лола Каримова-Тилляева да Фейсбукка жазган эле.
Ак сарайдын тегерегинде коопсуздук чаралары азайтылууда. Жолдогу блок-посттордун айрымдары алынды. Бийлик имаратына алып келчү жолдор Каримовдун тушунда жабылып, автонунаа каттамына тыюу салынган эле.
Азырынча жаңы президент каерде иштей турганы маалымдала элек.
Мурдараак Ислам Каримовдун урматына атайын сейил бак жана эскерүү комплекси ачылары кабарланган.
Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Ага төрт талапкер ат салышууда. (SE)