Эл аралык космостук станцияга багыт алган “Прогресс” аба жүк кемеси кырсыкка кабылды. Ал Тува Республикасынын аймагында жарылганын “Роскосмос” уюму билдирди. Кемедеги жабдыктардын көбү күйүп кеткен.
1-декабрда “Байконур” космодромунан асманга көтөрүлгөн кеме 6 мүнөттөн кийин системадан жоголгон.
Кеменин бортунда экипаждар үчүн Рождество майрамына аталган белектер бар эле. Эл аралык космостук станцияга 3-декабрга жетери күтүлүп жаткан.
2015-жылдын апрелинде да “Прогресс” кемеси кырсыкка кабылган эле. “Роскосмос” буга техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун айткан. Андан беш миллиард рубль зыян болгон.