Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети президентке кайрылуу жолдоду


Президенттин маалымат жыйыны.
Президенттин маалымат жыйыны.

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынына катышууга катталган айрым журналисттердин тизмеден чийилүүсүнө президент өзү кийлигишкенин кескин айыптары айтылган.

Кайрылуу ээлери Атамбаев мамлекет башчысы катары коом тарабынан айтылган сын пикирлерди көтөрө билип жана андан жыйынтык чыгарууга тийиш деп эсептешет. “Өткөн жылкы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналист Махинур Ниязовадан өзүнө жакпаган собол алган үчүн президент журналистти кекетип, орой сөздөр менен басмырлаган. Быйыл аталган журналисттин маалымат жыйынына келүүсүнө чектөө коюп, катыштырбай койду. “Фергана” сайтына президентти сынга алган макалалары, сөз эркиндигине болуп жаткан кысым тууралуу сөз карашын айтып, макала жазып келген журналист Улугбек Бабакулов дагы маалымат жыйындан четтетилди. Акыркы убакта президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз аракеттерин, ага айтылып жаткан айыптоолорду чагылдырганы үчүн “Сентябрь” телеканалынын журналисттерин президент өзүнүн маалымат жыйынына атайын катыштырбай койгонун мойнуна алды. Журналисттерден обьективдүүлүктү талап кылган учурда эмне үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке жакпаган адамдарды бир жактуу каралоо менен алектенген КТРКдан да ошону талап кылбайт?” деп жазылат кайрылууда.

Сөз эркиндигин коргоо комитети президентти журналисттерге карата жасап жаткан адилетсиз саясатын тизгиндөөгө чакырган.

1-декабрь күнү президенттин салттуу маалымат жыйынына катышуучу журналисттердин тизмесинен “Сентябрь” телеканалынын, айрым басылмалардын жана агенттиктердин кабарчылары чийилип салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG