Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Соцтармакта өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу үчүн акция жүрүүдө


Чычкан капчыгайындагы өрт.
Чычкан капчыгайындагы өрт.

Фейсбуктун колдонуучулары “Эл биримдиги” деп аталган акциянын алкагында Кыргызстанга өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу демилгесин көтөрүштү. Уюштуруучулардын бири Акбалык Жумалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, демилге акыркы убактарда чыккан ири өрттөрдү өчүрүүдөгү кыйынчылыктарды көргөндөн кийин көтөрүлдү:

-Бул ой мага былтыр Чычкан капчыгайында өрт чыкканда келди эле. Күн сайын капчыгайдагы өрт өчтү бекен деп, жаңылыктарды аңдып отурчубуз. Өлкөдө өрт өчүрүүчү тик учак жоктугунан Казакстанга олчойгон акча төлөп, тик учагын апкелип, өрттү өчүрүшкөнүн укканда Кыргызстан үчүн ардангам. Жакында эле Бишкекте май сактаган кампа күйүп, 20 сааттан ашык убакта араң өчүрүштү. Ошондон кийин бул демилгени жарыялап, фейсбуктан колдоочуларды таптык.

Жумалиеванын айтуусунда, учурда бул үчүн атайын банкта эсеп ачылып, алгачкы салымдар алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жашап-иштеген кыргызстандыктарда келип түшө баштады. Кошулуучу салымдын суммасына чек жок.

Өткөн жылы Чычкан капчыгайында өрт чыгып, он күн дегенде араң өчүрүлгөн. Өрт 120 гектардан ашуун аянтты каптап, андагы чөп, арча, бадалдар күлгө айланган. Өрттү өчүрүүгө 800 адам тартылып, ӨКМ Казакстандан тик учак суроого аргасыз болгон.

2014-жылы жайында Жумгал районундагы Каныш капчыгайында өрт чыгып, бир нече күн жалбырттап турган. Аны өчүрүүгө чыккан Чаек айылынын эки тургуну каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG