Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Маданият кызматкерлерине турак жай жагынан жардам берилет


Маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү, анын ичинде турак жай менен камсыздоо планы бүгүн президент Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алган учурда талкууланды.

Жолугушууда ошондой эле министр Түгөлбай Казаков мамлекет башчысына маданиятты өнүктүрүү, Кыргызстан элинин маданий мурасын сактоого жана арттырууга багытталган Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

1-декабрдагы президенттин салттуу маалымат жыйынында журналисттер жана маданият кызматкерлеринин мамлекет тарабынан турак жай алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроо берилген. Президент күч кызматкерлерине берилип жаткандай эле маданият кызматкерлерине да турак жай берүү маселеси караларын убада кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG