Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылыны тургуну Жоомарт Жамгырчиевди аймактык УКМК бөлүмүнүн кызматкерлери чакырып, суракка алышкан. Бул тууралуу Жоомарт Жамгырчиев “Азаттыкка” билдирди:
-Алардын мага айтканы боюнча, Фейсбуктагы "Мурч" деп аталган баракчага биздин үйдөгү IP даректен сүрөттөр жүктөлүптүр. Алар алгач 30-ноябрда атам менен байкемди суракка чакырышыптыр. Андан кийин мени чакырышты. Үчөөбүз тең ал баракчага тиешебиз жоктугун айтып, түшүнүк кат жазып бергенбиз. Кайра кечээ, 1-декабрда чакыруу кагаз жиберип, Караколдогу бөлүмүндө сурашты. Алар мени оппозициянын оюн колдойсуң деп атышат. Менин оппозиция эмес, саясатка такыр тиешем жок.
Жоомарт Жамгырчиевдин айтуусунда, ал Фейсбуктагы көп эле баракчаларга кирип окуп жүрөт, арасында президент Алмазбек Атамбаевдин баракчасы да бар. Ал бийликке эч кандай сын пикир жазып көрбөгөнүн, бул окуядан кийин Фейсбуктан чыкканын кошумчалады.
Бул маалымат боюнча УКМКдан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Өткөн жылы соцтармактарда президентти сындаганы үчүн жарандык активист Мавлян Аскарбеков УКМКга чакырылып, сурак берген.(ZKo)