Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Орусия банктарына киберчабуул даярдалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия “чет өлкөлүк атайын кызматтар” өлкөнүн каржы системасы менен банктарына киберчабуул коюну пландаганын, азыр аны алдын алуу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматы маалымдагандай, аты так аталбаган өлкөлөрдүн атайын кызматтары киберчабуулду 5-декабрда баштоону көздөшкөн. Серверлер Голландияда жайгашып, украиналык BlazingFast хостинг компаниясына таандык экени кабарланды.

Маалыматка ылайык, киберчабуул Орусиянын негизги банктары жана каржы системасы кыйроого жакын калганын белгилеген СМСтер жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр менен коштолмок.

XS
SM
MD
LG